Жалал-Абад облусунда опузалап пара талап кылууга шектелип активдүү интернет-блогери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кармалган блогер Д.С.М. социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.
"12-декабрда аталган блогер 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.