Учурда каза болгон деп саналган 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, каза болгон жана Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендерге Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө мыйзам бузуулар менен жасалма токтомдор чыгарылганы аныкталган.
"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы филиалынын кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди андан ары сатуу максатында мыйзамсыз катташкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында А.А.М. аттуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда жер участокторун берүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштуруу фактысы тастыктаган материалдар жана буюмдар табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.
Ошондой эле мыйзамсыз сакталган 15 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар алынган. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз берилген жердин жалпы аянты 5,5 гектардан ашык.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.