Түркияда жол кырсыгынан 41 жаштагы кыргызстандык каза болду

Бүгүн, 14-декабрда Түркиянын Измир шаарында жол кырсыгынан 41 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунан билдиришти.

Маалымдалгандай, кырсык саат 05:00 чамасында Конак районунда болгон. Айдоочусу белгисиз болгон 35 ABT 317 мамлекеттик номурлуу унаа рулду башкара албай, алгач тротуарды сүзүп, андан соң Мелез суусуна түшүп кеткен.

Оодарылып кеткен унаанын ичинде Кыргызстандын С.Ж. аттуу жараны каза болгону, дагы 3 адам жабыркаганы айтылды.

Окуя башкы консулдуктун кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Senator
2022-12-14 22:39:00
Жайы жаннатан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан