"Катар-2022": Тео менен Коло-Муани Францияны финалга алып чыкты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Франциянын курама командасы Марокко курамасын утуп финалга чыкты.

Беттеш 2:0 эсеби менен аяктады. Биринчи голду коргоочу Тео Эрнандес бешинчи мүнөттө жаратты. Ал эми экинчи голду Рандал Коло Муани 79-мүнөттө киргизди.

Буга чейин, 13-декабрда Аргентина курама командасы Хорватия курамасын 3:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан алгачкы команда болгон.

Дүйнө чемпиондугунун финалында Франция менен Аргентинанын курамалары таймашат. Беттеш 18-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Ал эми үчүнчү орун үчүн Марокко менен Хорватиянын командалары 17-декабрда күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан