Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген бир топ адамдар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Ага ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган облустун аймагында субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган. Анын негизинде жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп, салыктар кошумча эсептелинет.
Тергөө иштери уланууда.