Франция менен Марокконун күйөрмандары чырдашып, өспүрүм каза болду

Франция менен Марокконун күйөрмандары чырдашып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Кабарлангандай, Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 15-декабрга караган түнү Франция-Марокко беттешинен кийин күйөрмандардын ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы өспүрүм каза болду.

Жаш жигитти таксист сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Айдоочу кылмыш болгон жерден качып кеткен, анын унаасы табылган. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Жаштардын тобу ак түстөгү унааны курчоого алып, катышуучулардын бири унаанын терезесинде илинип турган Франциянын желегин айрып алууга аракет кылган. Ошондон кийин машина капысынан жүрүп, артка бурулуп, жолдо келе жаткан жигитти сүзүп алган.

Шаршемби күнү Франция курамасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1/2 финалдык беттешинде Марокко курамасын утуп алды. “Эл Байт” стадионунда өткөн жолугушуу 2:0 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.

Андан кийин Франциянын бир катар шаарларында баш аламандыктар башталган. Елисей талаасында футбол күйөрмандары менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Парижде 100дөн ашуун адам кармалган.

Эми 18-декабрда финалдык беттеш Аргентина менен Франция курама командаларынын ортосунда болот. Ал эми 17-декабрь күнү үчүнчү орун үчүн Хорватия менен Марокко ойнойт.

Франция менен Марокконун күйөрмандары чырдашып, өспүрүм каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан