Сүлүктү шаардык мэриясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдарына карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “АРИС” долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 миллион 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан