Оштун Кара-Суу районунда төрт баланын энеси өлтүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 1-декабрь күнү болжол менен саат 13:40 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургуну З.А. аттуу жарандын (аял) өзү жашап жаткан үйүнөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.
Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы З.А. аттуу жаран өзү жашап жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктын ичине катылып коюлган жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган, анын денесинен алган жаракаттарынын даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кечээ, 14-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун тургуну 49 жаштагы З.К. аттуу жаран Өзгөн районунун аймагында кармалды.
Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон. Ал эми маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашаганы айтылууда.
Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.