“Мурас” футболдук турнирин “Спорттук федерациялар” командасы жеңди

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча президенттин катышуусундагы “Мурас” достук турниринин финалдык оюндары өттү.

Иш-чарада мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышты.

Беттештердин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун "Спорттук федерациялар"
  • 2-орун "Президенттин командасы"
  • 3-орун "Коопсуздук" командасы

Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири өттү. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.

"Мурас" турниринин максаты – сергек жашоо образын, футзалды жайылтуу, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү экенин Жапаров билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан