Кант мэриясы мамлекетке 52,4 миллион сом зыян келтирген

Кант шаарында мамлекетке 52,4 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Кант шаарынын мэриясында бюджеттик мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүүдө, мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын кызмат адамдарынын атайылап жасалган коррупциялык аракеттеринин натыйжасында Кант шаарындагы суу менен камсыздоо, канализация комплексин ижарага берүү келишимин түзүүдө жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда мамлекеттин эсебине жалпысынан 52 миллион 420 миң 637,73 сом өлчөмүндөгү өзгөчө ири зыян келтирилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан