Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү болжол менен 16:00дө Бишкек шаарында 1982-жылы туулган Э.А. кармалган. Аны текшерүү маалында жанынан 4 килограммдан ашык гашиш табылган. Кылмышка шектүү аны Орусияга өткөзүүнү пландаштырган. Бул туурасында жогоруда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.