Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев УКМК тарабынан кармалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталган.

Такталгандай, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү уюштурулган.

Өзгөчө каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ММ имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталган.

2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан