Чүй облусунун Москва районунда 65 жаштагы аялды тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Чүй ОИИББи билдиргендей, 6-ноябрда милицияга 65 жаштагы Москва районунун тургуну А.Ш. арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 06:30 чамаларында Александровка айылына аны жеткизип, күч колдонуп, чөнтөгүндөгү 80 миң сом акчасын ээлеп алган белгисиз автоунаанын айдоочусуна чара көрүүнү суранган.
Аталган арыз Москва РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 47 жаштагы А.К. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.