“Финико” каржы пирамидасынын филиалын түзгөн аял Грузиядан кармалды

“Финико” каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо тарабынан интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган Э.М. аттуу аял кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Ошондой эле учурдагы ири каржы пирамидалардын бири “Финико” компаниясына дагы тиешеси бар экени аныкталган.

Шектүү бул компанияга жетекчилик кылып, Бишкек шаарында 15тен ашык филиалын ачкан. Аталган компанияга бир жыл аралыгында Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 миллион 283 миң долларга алданышкан. Мындан сырткары Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы 2019-жылы Орусиянын шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 пайыз жогорку кирешени убадалаган. Орусияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.

Ички иштер министрлиги эскертет! Чоң кирешени убада кылган шектүү компанияларга ишенбеңиздер. Ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңызга кам көрүңүз, күмөндүү салымдар үчүн аманаттарды берип, үй-бүлөңүздүн жыргалчылыгын тобокелге салбаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан