Чүйдүн Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 15-декабрда милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын 44 жаштагы К.С. аттуу тургуну бычактан жаракат алып, каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты каттоого алынып, "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 36 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалганы белгилүү болду.
"Ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип отуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жиберген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.