Сириянын Дамаск шаарынын ач калган тургундары шаардык зоопарктагы арстанды союп жегенге аргасыз болушту. Бул тууралуу 8-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Сириялык имамдар буга чейин эле элге ислам жегенге тыюу салган нерселерди жегенге уруксат беришкен болчу. Алар ошол күндөн тарта ач калбоо максатында мышык, ит, эшектин эттерин жей башташкан. Имамдардын мындай жарлык чыгаруусунун бирден бир себеби элдин үнүн бүт дүйнө жүзүнө жеткирүү эле. "Эгер өлкөдө абал мындан да оорлой берсе, эл өлүктөрдү да жегенге мажбур болушат" деп айтышууда имамдар.
Эске салсак, аталган өлкөдө оппозициянын куралданган күчтөрү менен өкмөттүн аскерлери 2 жылдан бери салгылашып келишет.