Жалал-Абадда милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 15-декабрында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Ноокен РИИБинин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн Э.Ш. аттуу кызматкери кармалды.
Такталгандай, милиция кызматкери Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.
Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан "опузалап пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.