Португалиянын футбол боюнча курамасы башкы машыктыруучу Фернанду Сантушту кызматтан кетирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 68 жаштагы адис менен келишим 2024-жылга чейин болчу. Эки тарап аны мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдашты.
Эске салсак, Португалия курамасы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Марокко футболчуларына 0:1 эсебинде утулуп, турнирден четтеди.
Сантуш кураманы 2014-жылдан бери машыктырып келет. Ал команданы Евро-2016 чемпионатында жана 2019-жылдын Улуттар лигасында жеңишке алып келген.
Ал эми Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрь күнү Франция менен Аргентинанын ортосунда болот. Оюндар "Лусаил" стадионунда өтөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.