Жалал-Абад облусунун тоо-кен иштетүү боюнча жеке компанияларынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.
"Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүүчү жеке компаниялар эч кандай иш кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.
Ошону менен бирге жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы кошумчаланды.