Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 15-декабрда Свердлов РИИБине К.А. аттуу жаран ошол эле күнү "А" деген жаран долларды жеңилдетилген курста беребиз деп 2 миллион 365 миң 880 сомун алып, бирок убадасын аткарбай из жашырып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Анын ушул сыяктуу 10 кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталгандыгы айтылат. Учурда тергөө иштери уланууда.
Шектүүдөн жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (700) 66-76-64, 0 (700) 50-10-29, 0 (550) 66- 76-69 жана 102.