Кыргызстандык спортчу Азамат Кудайбердиев Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло медаль утту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кикбокс боюнча курама команданын мүчөлөрү билдиришти.
Спортчу 81 килограмм салмак категорияда күч сынашкан.
Азамат Кудайбердиев кикбокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Кикбокс жана ушу саньда боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону. Спорт чебери. Мындан сырткары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия биринчилигинде күмүш байгенин ээси болгон.
Эске сала кетсек, Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугу 10-декабрда башталган. Бүгүн, 18-декабрда жыйынтыкталат.
Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргоп жатат.