Хорватиянын курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орун үчүн беттеште Марокко курамасын утуп алды. Курама команда 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Эсепти Хорватиялык коргоочу Йошко Гвардиол ачып, оюндун 7-мүнөтүндө гол киргизди.
Бирок 9-мүнөттө эле марокколук коргоочу Ашраф Дари эсепти теңеди – 1:1.
Чечүүчү голду 42-мүнөттө хорватиялык чабуулчу Мислав Оршич киргизди.
Хорватия курама командасы муну менен экинчи ирет Дүйнөлүк чемпионатта медалга ээ болуп отурат. Эске салсак, 2018-жылдагы чемпионаттын финалында команда Франция курамасына утулуп калган.
Марокко жеңилгени менен тарыхындагы эң мыкты жыйынтыкка жетишти. Улуттук курама Африкадан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан биринчи команда болду.