Аламүдүн районунда өзүнүн тааныш адамын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.
Ага ылайык, 15-декабрда Аламүдүн РИИБине Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган К.С. аттуу жарандын бычактан жаракат алып каза болгон денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин алкагында шектүү катары 1986-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.
"Ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.