Бишкекте түндө тамактануучу жай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан тамактануучу жайдын өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Жерине түнкү саат 02:01де Свердлов райондук N3 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 эсептик күжүрмөн тартылган.
Тилсиз жоо саат 02:28де чектөөгө алынып, толук 02:53тө өчүрүлгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон.
Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.