Кыргыз Эл артисти Замирбек Сооронбаев маркум Азиз Мурадиллаев анын көз алдына чоңойгонун айтып буларга токтолду.
"Азиз көз алдыбызда ушул театрда чоңойду. 1978-жылы Азиз төрөлгөндө ата-энесинин кубанычы коюнуна батпай, баарыбыз сүйүндүк. Андан кийин кайра биздин колубузга келип театрда окуп калды.
Тагдыр деген ушул экен, атасы мыкты актёр болчу. Өмүрү кыска экен 42 жашында көзү өттү. Азиз болгону атасынан 2 гана жаш көп жашаптыр. Азиздин эмгеги тасмаларда калды. Эмне дейбиз, жакындары, кайрат кылгыла. Канча аракет кылдыңар. "Жетишпей калдык" деп боздоп жатасыңар, кудайдын берген жашы.
Азиз, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Кош бол!", - деди Сооронбаев.