Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы "Евразия" кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу кинофорумдун дирекциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун Казакстандын Алматы шаарында XVI Эл аралык "Евразия" кинофестивалынын салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.
Кинофестивалдын эл аралык сынагына Франция, Чехия, Түркия, Украина, Грузия, Орусия, Азербайжан, Эстония, Иран, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандын тасмалары коюлган.
Эске салсак, 2022-жылы "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарын" алган.
«Евразия» эл аралык кинофестивалы – өлкөнүн эң ири жана эң абройлуу кинофоруму, Кинопродюсерлер ассоциацияларынын Эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган жалгыз казак кинофестивалы.