Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-декабрга караган түнү 102 кызматына Дзержинский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору барышып, 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун жансыз денесин табышкан.

Адам өлтүрүүгө шектүү кармалып, Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан