Катардагы футбол боюнча дүйнө биринчилиги жыйынтыкталып, Месси баштаган Аргентина курамасы жеңишке жетишти. Учурда футбол майрамы тартуулаган эмоциялар дале басаңдабай, Аргентинанын күйөрмандары жеңишин майлап бүтпөй жатса, Францияга жан тарткандар "аттиң" деп оор үшкүрүнүп турган чак. Бул жолку дүйнө чемпионаты өтө көп кызыктар менен эсибизде калды. Финалдык оюнду эле алып карасак 120 мүнөт бою жеңдик деп сүйүнө албай, же жеңилдик дегенге себеп таба албай беттештин аягына чейин чыдамыбыз түгөнүп көрдүк го. Турнирдин жыйынтыгында Мессинин тарыхтагы эң мыкты оюнчу экенине толугу менен ынандык көрүнөт. Ошондой эле керемет оюну менен таң калтырган дагы бир футболчу Киллиан Мбаппенин талантына көпчүлүк футбол күйөрмандары ыраазы болду окшойт. Бул жолу дал ушул мелдеште "мыкты бомбардир" болуп, кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрү арасында "кара бала" атыккан Киллиан Мбаппе тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.
Киллиан Мбаппе 1998-жылы 20-декабрда Франциянын Бонди шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Атасы Вильфирд өзү жашаган аймактагы Бонди футбол мектебинде машыктыруучу болуп иштеген. Ал эми апасы Файза кесипкөй гандболчу болгон. Спортчулардын үй-бүлөсүнөн чыккан Мбаппе кичинекей кезинде атасы насаатчылык кылган жергиликтүү футбол командасына аралашып чоңойгон. Өзүнөн алда канча улуу балдар менен кошо көк майсаңда топ тээп жүргөндө эле келечектеги футбол жылдызынын башкаларга окшошпогон жеке чеберчиликтери байкала баштаган.
Кызыктуу маалымат: Мбаппенин атасы камерундук эмигранттардан, ал эми апасынын түпкү теги алжирдик келгиндердин тукумуна барып такалат. Мбаппе үйдө 2 бир туугандын кичүүсү. Анын агасы Кембо-Экоко дагы кесипкөй футболчу. Ал 2019-жылы спорттогу карьерасын жыйынтыктаганга чейин Түркиянын Бурсаспор клубунда ойноп келген.
Уулунун футболго болгон өзгөчө сүйүүсүн байкаган атасы Мбаппени Франциядагы эң алдыңкы футбол академияларынын бири болгон Клерфонтен академиясына алып келет. Бул окуу жайдан өз учурунда Тьерри Анри жана Лилиан Тюрам баштаган легендарлуу футболчулар тарбияланып чыккан. Ошол жылдары Мбаппеде атактуу Реал Мадриддин мектебине өтүү мүмкүнчүлүгү жаралган. Ал кезде Реалдын жаштар командасын машыктырып турган Зинедин Зидан 13 жаштагы Мбаппенин өнөрүн байкап калып жогорудагыдай сунуш менен кайрылган. Бирок атасы мындан баш тартып, азырынча Испанияга баруу ниети жок экендигин билдирген. 2 жылдан кийин 15 жаштагы Мбаппе франциялык Монако клубу менен өзүнүн чоң футболдогу алгачкы келишимин түзгөн.
2015-жылы декабрь айында Монако клубунун формасы менен алгачкы жолу талаа үстүнө чыккан. Дебюттук оюнда ал 88-мүнөттө алмашуудан чыгып, 2 гана мүнөт оюн көрсөткөн. Бул Мбаппенин чоң футболдогу алгачкы оюну эле. Бара-бара жеке чеберчилиги менен көзгө урунуп, команданын негизги оюнчусуна айлана баштаган. Ошол эле жылы Монаконун вице-президенти Вадим Васильев жеке өзү атайын учак жиберип, Мбаппени үй-бүлөсү менен Монакого алдырып келген. Киллиан ал сезондо жалпы 14 беттешке катышып, 1 гол жана 2 голдук пас менен өзгөчөлөнгөн. Мындай талант менен алдыда далай ийгиликтерге жетерин баамдап калган Монаконун жетекчилиги жыл аягында Мбаппеге олуттуу сумма сунуштап, ортодогу келишимди жаңырткан.
2016-2017-жылдагы сезон Мбаппеге чоң атактуулук алып келген. Бул жылы ал Монако менен бирге Франция биринчилигин жеңип алган. Кубок үчүн болгон күрөштө командасы үчүн 15 гол киргизсе, 11 жолу натыйжалуу голдук пас чыгарып берген. Ошондой эле Монако ал жылы Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетип барган. Мбаппе баштаган Монаконун футболчулары Байер, Тотенхэм, ЦСКА, Манчестер Сити жана Боррусия өңдүү дөө-шаа командаларды мелдештен четтеткен. Мбаппе бул оюндарда чечүүчү голдорду киргизип, команданын "куткаруучусуна" айланган. Жарым финалдык беттеште Монако тилекке каршы туриндик Ювентуска жеңилип калган. Анткен менен Мбаппе Ювентустун легендарлуу голкипери Жанлуиджи Буффондун дарбазасына гол жаратып, турнирдин мыкты дарбазачысы болууга аракет жасап келе жаткан жерден чоң тоскоолдук жаратып койгон.
Мбаппе ал жылдагы ийгилиги тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирген: "Мен бул сезондо чоң ачылыш жасадым жана кийинки жылы бул нерсени бекемдегим келет. Айрымдар мени өнүгүү жагынан алдыга кеткен деп ойлошот. Бирок мен дагы эле 18 жаштагы кичинекей баламын. Мени азыркыга чейин машыгууга апам жана айдоочу жеткирип келет".
Жыл соңунда Мбаппеге эң алдыңкы клубдар көз артып, өз ара күрөштөр жүрө баштаган. Алардын башында испаниялык Барселона, Реал Мадрид, лондондук Арсенал жана ПСЖ клубдары турган.
Мбаппенин кичинекей кезиндеги эң башкы кумири белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду болгон
2017-2018-жылдагы сезондо Мбаппе ПСЖ клубуна алгач ижарага, кийин 180 миллион долларлык келишим менен толук түрдө ПСЖнын катарына кошулган. Бул сумма менен ал Неймардан кийинки эле (Неймарды ПСЖ 222 миллион еврого сатып алган) эң кымбат футболчу болуп калды. ПСЖнын катарында Мбаппе болуп көрбөгөндөй чоң ийгиликтерди багынтты. 4 жолу Франциянын чемпиону болду. 2 жолу Франция лигасынын кубогун, 3 ирет Франция кубогун жана 2 жолу Франция супер кубогун жеңип алды. Ошондой эле 4 ирет мыкты бомбардир болуп сезонду жыйынтыктаган.
2017-жылы Мбаппе Франция улуттук курама командасы үчүн алгачкы оюнун өткөргөн. Люксембургга каршы беттеште ал 18 жаш 95 күндүк көрсөткүч менен Франциянын тарыхындагы эң жаш экинчи футболчу болгон. Улуттук кураманын формасы менен биринчи голун ошол эле жылы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарында Нидерланддын дарбазасына киргизген.
2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө биринчилигинде ал Франция менен дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Бул ири футбол мелдешинде Мбаппе жалпы 4 гол киргизип, "мелдештин эң мыкты жаш оюнчусу" наамын жеңип алган. Аталган турнирде Франция Аргентина менен 1/8 финалдык баскычта кез келген. Ал беттеште франциялыктар 4:3 эсебинде жеңишке жетишсе 2 голду дал ушул Мбаппе ишке ашырган. Мындан тышкары ал финалда Хорватияга каршы 1 гол киргизип, дүйнө чемпионатынын финалында гол киргизген эң жаш футболчу катары легендарлуу Пеленин рекордун кайталаган.