Ысык-Көлдө пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

Ысык-Көл ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымат таратышты.

Андагы маалыматка таянсак, ал 17-декабрда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери, милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды" деп айтылат мекеменин маалыматында.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан