Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 14 жаштагы өспүрүм асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирмеде жазылгандай, 17-декабрда Кыргызстан айылынын 14 жаштагы тургуну А.С. үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн.
Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата РИИБинин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жеринен барып текшерүү жүргүзгөн.
"Анда Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында өспүрүм өз үйүнүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси 18-декабрда жерге берилгендиги такталган. Бул окуя боюнча жакындары эч кимге арыз дооматы жоктугун билдирген", - деп жазылат милициянын маалыматында.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.