Чүйдүн Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, кармалган жаран өткөн жылдын август айында өзүн электрик катары тааныштырып, трансформатор орнотуп берем деп аялдан 750 миң сом алып, изин жашырып кеткен.
Шектүү алган акчаны өзүнүн карызын жабуу үчүн пайдаланганы белгилүү болду.
Ал эми убадаланган трансформатор бир да жолу орнотулган эмес. Мындан улам ушул жылдын 2-декабрь күнү жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү табылып, камакка алынды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.