Бишкекте үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайда адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу Октябрь райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 19-декабрда саат 23:30дар чамасында “102” кызматына баш калкалоочу жайлардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери жеринде 38 жаштагы М.А. аттуу эркек кишинин сөөгүн табышкан.
Аталган факты Кылмыш кодексинин “киши өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгон.
Шектүү катары 65 жаштагы Ю.Ф. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иши уланууда.