"Кызганыч себеп болгон". Чүйдө 38 жаштагы жаранга бычак саюуга шектүү кармалды

Чүйдүн Ысык-Атада 38 жаштагы жаранга бычак саюуга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 19-декабрда саат 15:30дар чамасында Гидростроитель айылынын 38 жаштагы С.В. аттуу тургуну бычактан бир нече жаракат алып, оор абалда Ивановка айылдык ооруканасына түшкөн", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факты каттоого алынып, "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектелип, 55 жаштагы Ш.С. аттуу жаран кармалган.

Ал жарандык жубайын кызганып, жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап, бир нече жолу денесине бычак сайып жиберген.

Жабырлануучу шектүүнүн жарандык аялынын мурунку күйөөсү экендиги аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан