Нарын шаарынан 150 чакырым аралыкта жер титирөө катталды. Бул туурасында бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетип, очогу Кытай Эл Республикасынын аймагында жайгашкан. Жабыркагандар болгон эмес. Зилзала 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:09дар чамасында катталган.