Чүйдө 20 жаштагы жигитти алдап, 50 миң сомун алып кеткен жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.

Милиция кызматына Александровка айылынын 20 жаштагы тургуну К.А. арыз менен кайрылган. Анда 38 жаштагы Н.Б. аттуу жаран алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, айдоочулук күбөлүгүнө «Д» категориясын жасап берүү жана унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүү үчүн 50 миң сом акчасын алып, изин жашырып кеткенин айткан. Ошондой эле ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Москва РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-берене "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 20-декабрда шектүү катары 38 жаштагы жаран Н.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү облус аймагында башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө амалдары уланууда.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан