Кечээ, 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Поддубный Эл аралык күрөш лигасы" аттуу эл аралык турнир болуп өттү.
Бул турнирге Кыргызстан, Орусия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Монголиядан келген балбандар катышты.Турнирге үч кыргыз балбаны катышып, үчөө тең атаандаштарын жеңди.
60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков орусиялык Анвар Аллахьяров менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле орус балбаны жаракат алып, күрөштү андан ары уланта албай калды. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков жеңишке ээ болду.
97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков Александр Головинди жеңсе, кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова орусиялык Ксения Буракованын үстүнөн жеңишке жетти.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.