Оштун Өзгөн районунда 16 жаштагы жарандын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 20-декабрь күнү саат 21:30 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы № 62 кесиптик лицейдин студенти 2006-жылы туулган Э.К. каза болгондугун Куршаб аймактык ооруканасынан билдиришкен.
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 3-курстун студенти 17 жаштагы А.уулу М. 16 жаштагы Э.К аттуу жаранды муштуму менен көкүрөк жагына уруп жибергенде эс учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон.
Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.