Караколдо декабрь айында катталган 8 уурулук фактысынын бети ачылды

Каракол шаарында декабрь айында катталган 8 уурулук кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кылмыш ишинин алтоосу Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну М.О. тарабынан жасалган. Калган эки уурулук кылмышы 1984-жылы төрөлгөн А.Р. жана 18 жаштагы тургуну М.К. аттуу жаран тарабынан жасалган.

Учурда бул кылмыштар боюнча "уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, шектүүлөр Каракол шаарынын жашоочуларынын үйлөрүнө жашыруун киришип, азык-түлүк, акча каражаттарын, тиричилик техникаларды, уюлдук телефондорду жана мал уурдашкан.

Жабырлануучуларга жалпы 237 миӊ сомдук зыян келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2022-12-21 16:12:00
Жумушсуздук кобойгон сайын, кылмыштуулуктун проценти осо берет! Президент башка президентерге караганда Кыргызстанды жакшы жака суйроп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан