Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев ооруканага жаткырылды. Анын кан басымы көтөрүлүп кеткени кабарланды.
Бул тууралуу анын орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-декабрдагы жыйыны учурунда билдирди.
Эл өкүлдөрү министрдин жыйынга эмне себептен келбегенине кызыгышкан.
"Ал кечээ, 20-декабрда ооруканага жаткырылды", - деп билдирди Базарбаев.
Ошол эле учурда жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту жетектеген орун басары Эдил Байсаловдун келбей калганына депутаттар нааразы болушту.