Кара-Балтада 22 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Бишкек - Кара Балта унаа жолунда (16-чакырымы) жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Милиция берген маалыматта айтылгандай, кырсык кечээ, 20-декабрда саат 20:30 чамасында болгон. Анда Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу Х.Р.М 34 жаштагы жөө жүргүнчүнү Х.Н.К. сүзүп алган. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болуп калган. Буга байланыштуу айдоочу изин жашырыш үчүн унаасын жашырып койгон.
Ыкчам издөө-иш-чараларынын жүрүшүндө унаа Сокулук районунун Александровка айылынан табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан