Португалиянын футбол курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугуна катышышы мүмкүн. Бул тууралуу испаниялык Marca басылмасына таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, учурда спортчу Катардагы чемпионаттан кийин Рождествону утурлай Дубайда эс алууну пландоодо.
Басылмалар Катардагы дүйнө чемпиондугу португалиялыктар үчүн абдан оор болгонун, айрыкча Лионель Месси менен Аргентинанын жеңиши оор болгонун жазышууда. Эми Роналдунун максаты кийинки дүйнөлүк чемпиондукта ойноо экенин белгилешүүдө.
2026-жылы Криштиану Роналду 41 жашта болот.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтө турганы айтылган.
Эскерте кетсек, Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунда Португалия чейрек финалга чейин жеткен. Жарым финалга чыга турган оюнда алар Марокконун курамасына 0:1 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми аталган чемпиондукта Аргентина курамасы жеңишке жеткен.