Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров негизги трибунадан 10 мүнөттүк сөз алды.
Өз сөзүндө Мадумаров өлкөдө мыйзамсыздык болуп жатканын белгилеп, мыйзамдардын аткарылышы жана адамдардын укуктары бузулуп жатканын айтып, комиссия түзүүнү сунуштады.
"Мыйзамсыздыктар толгон-токой болуп жатат. Коркутуп-үркүтүүлөр ушул кезге чейин уланып жатат. "Сен чек арага каршы берип койдуң" деп кабинетке, кабинеттен кийин мандатка асылып жатат. Унчукпай отура берген болсок, кайсы абийирибиз менен уктап жатабыз. Айлыкты кантип алып жатабыз? Биз Конституцияга кол коюп, ант ичтик го.
Кармалып жаткандардын арасында кант диабети, жүрөк оорусу менен ооруп жаткандар бар. Бир террористти кармагандай болуп. Эгерде ушул кыргыз бийлиги ошол жерде жаткан 5 аялдан ушунчалык калтырап-титиреп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм мен", - деди Мадумаров.