Орусияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына узак убакыттан бери Ооганстандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу боюнча ыкчам маалымат келип турган.
Орто Азиядан Орусияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан.
Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбордук Азиянын, Орусиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн. Бул топ ролдорду бөлүштүрүү жана купуялуулук белгилери бар кеңири структурага ээ.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Орусиянын 1988-жылы туулган жараны М.С. кармалгандыгы аныкталган.
Ушул жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, "травертин" фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм "Афган чарсы" жана пакеттеги 4 килограмм героин баңгизаты табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кармалган жарандын Жавлон жана Айдар аттуу эки шеригин аныкташкан.
Бишкек шаарынын Жаш Гвардия - Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги дагы бир Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалган. Алар жогорудагы Орусиянын жаранына аталган өлкөгө баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.
Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Исфана шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Р.Р. менен жаран 1987-жылы туулган К.З. Бул жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Андан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар К.Ж., А.А., К.З. жана Р.Р. белгисиз жарандар менен бирге Оруияга жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган. Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынды.
Иликтөө жүрүп жатат.