Кикбокс боюнча өлкөнүн курама командасы Таиландда өткөн Азия чемпиондугунан кечээ күнү, 21-декабрда кайтып келишти.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган курама команданын мүчөлөрү билдиришти.
Маалымдалгандай, турнир Таиланддын борбору Бангкок шаарында 10-декабрда башталып, 18инде жыйынтыкталган. Анда Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргогон.
Анын жыйынтыгы менен спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль утушкан.