Чүй облусунун аймагында 72 жаштагы жаранды өз үйүндө колу-бутун байлап, тоноп кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш 5-декабрь күнү таңга маал болгон. Анда белгисиз жаран электр жарыгын сырттан өчүрүп 72 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, колу-бутун электр шнуру менен байлап, 50 миң сом акчасын, 10 миң сомдук алтын сөйкөсүн, 23 миң сомдук Redmi Pro уюлдук телефонун алып качып кеткен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.