Кечээ, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" нефтьбазасына жакын жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май (бензин) куюлган 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынан чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган Э.У. аттуу эркек кишини (регулировщик) басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы С.А аттуу эркек киши жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилип абалы туруктуу.
"Жерине өрт чыгуу коркунучун жоюу, адамдын сөөгүн басып калган цистернадан чыгаруу максатында, ӨКМнын Ош облустук жана шаардык башкармалыктардын башчылары жетектеген ыкчам топ, Өзгөчө куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, өрт кырсыгын болтурбоо үчүн Кара-Суу райондук №102 өрткө каршы бөлүмдөн 1, Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 10 кызматкер, "Тез жардам" кызматынан 6 кызматкер тартылып, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистерна вагондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда", - деп билдиришти министрликтен.