Бишкекте кафелердин биринде эки адамга бычак саюуга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, 20-декабрда милицияга С.Т. жана Р.Т. аттуу жарандар кайрылган. Анда 20-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:00дө С. Каралаев көчөсүндөгү кафеде кайым айтыш учурунда белгисиз адамдар бычак менен жарадар кылганын билдиришкен.
Жабырлануучулар медициналык жардам үчүн ооруканага кайрылганы айтылат.
Аталган факты каттоого алынып, "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда тиешелүү экспертизалар да дайындалган.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы С.А. жана М.Н. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Азыркы тапта иликтөө иштери уланып жатат.