4 даана уюлдук телефонду аялдардын абагына алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, А.Г. аттуу аял Чүйдүн Степное айылында жайгашкан №2 түзөтүү мекемесинин аймагына сыртынан жөнөкөй көрүнгөн кадимки шыпыргыны киргизүүгө аракет кылган.
"Бирок жакшылап текшергенде төрт уюлдук телефон ичине чебердик менен катылганы аныкталды. Абактарга телефон алып кирүүгө тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.