Токмокто 80 жаштагы карыя эки өспүрүм кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Ал 12 жана 13 жаштагы кыздарды зордуктоого шектелип жатат. Алардын бири 13 жаштагы Г.Н. аттуу өспүрүм кош бойлуу экени аныкталды.
"Алар 1942-жылы туулган Д.В. аттуу кошунасынын үйүн жыйноо үчүн ушул жылдын жаз мезгилинен бери жардам берип келишкен", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча "зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок шектүү делген жаран кармала элек.
"Анткени бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, корутундулары даяр боло элек", - деп билдиришти милициядан.
Ошондой эле кылмыш ишинин бардык катышуучулары окуянын чоо-жайы боюнча суракка алынган.
Тергөө амалдары уланып жатат.