Франциялык күйөрмандар ФИФА уюмунан Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы Аргентина-Франция беттешин кайра өткөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, франциялык күйөрмандар финалдык беттешти тейлеген калыстарды акчага сатылды деп айыптап, финалды кайра өткөрүү үчүн петиция кабыл алышкан. Учурда бул петицияга 200 миңден ашык адам кол койду.
Финалдык беттешти польшалык калыс Шимон Марциняк тейлеген. Ал 120 мүнөттүн ичинде 3 жолу пенальти койгон.